• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн суткада 11 миң 358 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 11 миң 358 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 153 адам вакцинанын биринчи дозасын, 6 миң 205 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 98 миң 855 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 883 миң 210 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий