• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда өткөн суткада 14 миң 200 адам коронавируска каршы вакцина алды

COVID - 19 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 14 миң 200 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 705 адам вакцинанын биринчи дозасын, 7 миң 495 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 816 миң 22 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 611 миң 224 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий