• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда өткөн суткада 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак, Чүй облусунун Аламедин айылындагы “Жуманов” жеке ишканасынын эки кабаттуу имаратынын экинчи кабатында 18 чарчы метр жыгач терезе күйгөн.

Ош облусунун Араван районундагы Үч-Агроном айылында 4 бөлмөлүү турак үйдүн 60 чарчы метри жана үй буюмдары толугу менен күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий