• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн суткада 17 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 17 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 20 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Кайыңды шаарындагы кароосуз калган “Ак-Бешим” бала бакчасынын жыгач устундуу шифер жабылган 80 чарчы метр чатыры күйгөн.

Бишкектин Ч.Айтматов проспектисиндеги Ысык-Көл мейманканасынын жанында ачык аянтта 0,5 гектар куураган чөп жана бак-дарактар күйгөн.

Чүй районундагы Кош-Кашат айылынын Сүйүнбаев көчөсүндөгү бастырмада 3 тонна жыйылган чөп күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий