• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда өткөн суткада 2 миң 872 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 2 миң 872 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 миң 766 адам вакцинанын биринчи дозасын, 1 миң 106 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 104 миң 209 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 888 миң 276 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий