• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы вакцинаны 2 миң 470 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн суткада коронавируска каршы вакцинаны 2 миң 470 адам алды. Алардын ичинен 1 миң 683үнө экинчи доза сайылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 84 миң 472 адам эмдөөдөн өттү. Алардын ичинен 37 миң 268и вакцинанын экинчи дозасын алды.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 20 миң 976;

- Ошто – 6 миң 370;

- Чүй облусунда – 13 миң 981;

- Ош облусу – 11 миң 695;

- Ысык-Көл облусу – 8 миң 112;

- Талас облусу – 3 миң 926;

- Нарын облусу – 4 миң 410;

- Жалал-Абад облусу – 11 миң 369;

- Баткен облусу – 3 миң 633.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий