• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн жумада COVID-19дун 12 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн жумада COVID-19дун 12 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды алдын алуу жана эпиемиологиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, анын ичинен 3 учур өлкөдөн чыгууда анализтапшыруу учурунда аныкталса, 3 учур сырттан келген.

“Калган бейтаптарда оорунун белгилери байкалган. Жалпысынан бейтаптарда оору симптомсуз жана жаңил формада өтүүдө. Алар үйлөрүндө дарыланышууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий