• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн жылы АК менен МИнин мамсатып алууларынын көлөмү 17,2 млрд сомду түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Кыргызстанда өткөн жылы акционердик коомдор (АК) менен мамлекеттик ишканалардын (МИ) мамсатып алууларынын көлөмү 17,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Даникеев билдирди.

Ал белгилегендей, 2016-жылы мамсатып алуулардын веб-порталынын маалыматы боюнча 50% мамүлүштөгү АКлардын жана мамлекеттик каражаттын эсебинен түзүлгөн МИлардын сатып алуулар планы 21 млрд 628 млн 850 миң сомго түзүлгөн.

“Факт жүзүндө 50% мамүлүштөгү АКлар жана мамлекеттик каражаттын эсебинен түзүлгөн МИлар тарабынан 17 млрд 244 млн сомго 6 миң 451 сынак өткөрүлгөн. Мында мамсатып алууларды өткөрүүдөн үнөмдөлгөн мамлекеттик каражаттын суммасы 4 млрд 385 млн сомду түзгөн”,-деди У.Даникеев.

Ошондой эле, департамент башчысынын маалымдашынча, 50% мамүлүштөгү АКлар жана мамлекеттик каражаттын эсебинен түзүлгөн МИлар тарабынан 13 млрд 676 млн сомго товар сатып алынган, 1 млрд 240 млн сомго тейлөө кызматы аткарылган, 2 млрд 327 млн сомго жумуш жасалган жана 1 млн 166 миң сомго консультациялык кызматтар аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий