• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпионаты аяктады – жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 11.09.18. /Кабар/. Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн тогуз коргоол боюнча дүйнө чемпионаты аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу КРнын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2нен 8-сентябрга чейин тогуз коргоол боюнча ДЧ өткөн, ага 85 спортчу катышкан (58 эркек, 27 кыз-келиндер). Мелдеш швейцария системасы боюнча жеке-командалык эсеп боюнча өткөрүлгөн.

Командалык мелдеште биринчи орунду Казакстандын курамасы ээлеген: Хакимжан Елеусинов жана Нурбек Кабиев. Алар 60 миң сом утуп алышты. Экинчи орунда Кыргызстандын курамасы: Анарбек Джамакеев менен Сырттан Сыргак уулу, байге 40 миң сом. Үчүнчү орунда Монголия - Ардабулан Шындаулет менен Рысбек Жасулан – 30 миң сом.

Кыз келиндер арасында: Алтын медалды казакстандык Асель Далиева менен Анастасия Фоос уткан. Кыргызстан “күмүш” - Жаңыл Эгембердиева жана Айзада Бактыбекова. Коло медалды Монголиялык Жансая Толибай менен Нүргүл Баделхан уткан.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер:

1-орун– Сырттан Сыргак уулу (Кыргызстан), миң сом;

2-орун – Какымжан Елеусинов (Казакстан), 50 миң сом;

3-орун – Нурбек Кабыев (Казакстан) 40 миң сом;

4-орун – Анарбек Джамакеев (Кыргызстан), 35 миң сом;

5-орун – Ардабулан Шындаулет (Монголия), 30 миң сом;

6-орун – Рысбек Жасулан (Монголия), 25 миң сом;

7-орун – Сариал Романов (Россия) 20 миң сом;

8-орун – Оскар Фожардо (Колумбия) 15 миң сом;

9-орун– Арслан Ахмад (Пакистан) 10 миң сом.

Кыз-келиндер:

1-орун – Асель Далиева (Казакстан), 70 миң сом;

2-орун – Анастасия Фоос (Казакстан) 50 миң сом;

3-орун – Айзада Бактыбекова, 40 миң сом;

4-орун – Жаныл Эгембердиева, 35 миң сом;

5-орун – Хана Котинова, 30 миң сом;

6-орун - Жансая Толибай, 25 миң сом;

7-орун– Ольга Коротких, 20 миң сом;

8 -орун – Нүргүл Баделхан, 15 миң сом;

9-орун – Гүлзат Кокоева 10 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий