• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда токойчулардын орточо айлыгы 5,5 миң сомду түзөт

Коом 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. Кыргызстанда токой чарба тармагында эмгектенген кызматкерлердин орточо айлыгы 5,5 миң сомду түзөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору Нурлан Жумаев билдирди.

Анын айтуусунда, республика боюнча 39 токой чарбасы бар, анда 760 токойчу эмгектенет.

"Өкмөттүн 2015-жылдагы токтомуна ылайык, токойчулардын орточо айлык акысы 5,5 миң сомду түзөт. Тилекке каршы, бул аз. Жаңы жетекчи менен биргеликте токойчулардын айлыгын жогорулатуу маселесинин үстүнөн иштейбиз", - деп билдирди Жумаев.

Пикир

Оставить комментарий