• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда токойлорду электрондук картага түшүрүү иштери жүрүүдө — Токой чарба агенттиги

Коом 0


Бишкек, 17.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда токойлорду электрондук картага түшүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмаз Мусаев билдирди.

Анын айтымында, санариптештирүүнүн алкагында токойлор гектар менен эсептелбей, бөлүп санала баштайт. Учурда токойлор төрт бөлүккө бөлүнөт: ийне жалбырактуу, жазы жалбырактуу, мөмө-жемиштүү жана суу боюндагы токойлор.

“Бүгүнкү күндө бардык токойду электрондук картага түшүрүп, санариптештирүүгө алып келе жатабыз. Бул эмне дегенди билдирет? Биздеги токой чарбалык жумуштар, токойду өстүрүү, пландоо иштеринин баары электрондук форматка өткөрүлөт. Кыргызстанда токой фондунун жерлеринде 20 миңдей ижарачы бар, алардын баарынын электрондук базасын түзүп жатабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 2022-жыл - “Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы” деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий