• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстанда токойлорду коргоо жана калыбына келтирүүгө 97,4 млн сом бөлүнөт

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлигине караштуу мамлекеттик токой чарбасы агенттигине 2022-жылга токойлорду көбөйтүү жана коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө республикалык бюджеттен 97,4 миллион сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында 1130 гектар аянтка токой өсүмдүктөрүн айдоо жана себүү, 13,1 млн даана көчөт өстүрүү, өткөн жылдарда эгилген токой өсүмдүктөрүн багуу пландаштырылууда.

Ошондой эле гидротокойлорду мелиорациялоо, токойлорду патологиялык изилдөө жана питомниктерди химиялык тазалоо боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий