• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда тоо туризм куткаруучулары үчүн тик учак жок

Коом 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда тоо туризм куткаруучулары үчүн тик учак жок. Бул тууралуу КР туроператорлор ассоциациясынын мүчөсү Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, быйыл 26 жыл ичинде биринчи жолу оор жагдай пайда болгон. Быйыл тоолуу райондордогу туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тик учак жок. Бир тик учак бузулган – кыймылдаткычы иштебейт. Аны оңдоо үчүн көп убакыт керектелет, туристтик мезгил ачылган, аякташына болгону эки ай калды.

“Тоо программасы боюнча болжол менен 18 өлкөдөн 5 миңден ашун адам билдирүү жөнөткөн. Жыл сайын жай мезгилинде 28-30 куткаруу иштери жүргүзүлөт, эми болсо тик учактын жоктугунан биз алардын коопсуздугун камсыз кыла албайбыз. Был жылы Хан-Теңири багыты толугу менен жабылууда, бул деген дээрлик 1 миң адам”, - деп билдирди Калашникова.

Ал кошумчалагандай, жергиликтүү бийлик жагдайдан чыгуунун жолун сунуштаган – коңшу Казакстандын тик учагынын кыймылдаткычын ижарага алуу.

“Биз Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандан тик учактарды ижарага алуу боюнча бир нече жолу кайрылганбыз, бирок туристтик мезгил бардык жерде ачылгандыгына байланыштуу сунушту четке кагышты. Биз Казакстандан кыймылдаткычты ижарага алуу жолун таптык, бирок биздин өкмөт ал үчүн өзүнө жоопкерчилик алууну каалабай жатат. Мен айрым гана депутаттар тууралуу айтып жатам”, - деди Елена Калашникова.

Ал эгерде быйыл туристтик сезонду куткарып калбасак, анда Кыргызстан “кара тизмеге” кирип, туристтер арасында аброюбуз көп жылдарга бузулуп калышы мүмкүндүгүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий