• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда тубаса кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны артып жатат

Коом 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Кыргызстанда тубаса кемтиги менен төрөлгөн балдардын саны жыл сайын артып жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдө 30 миңден ашык бала ар түрлүү тубаса кемтиги менен төрөлгөн.

"Тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар 15%ды түзүүдө - бул өтө көп. Биз милдеттүү неонаталдык скрининг процедурасын киргиздик. Ал баланын түйүлдүк кезинде эле кемтиктерин аныктай алат", - деди Узакбаев.

Ал белгилегендей, тубаса кемтиктердин эң биринчи себеби - инфекция.

"Учурда, энесинен төрөлө элек балдарга өтө турган ар түрдүү инфекциялар бар. Ошондой эле калктын антибиотиктерди көзөмөлсүз ичип жатышы да маселе жаратууда. Экинчи себеби – начар экология – ыш-түтүндөр жана сапатсыз азык-түлүктү пайдалануу. Үчүнчү себеби – жаран колдонгон ууландыруучу заттар", - деди ал.

Ошондой эле, ал, көп аялдар аз кандуулукту өз убагында дарылабай, ал баланын ден-соолугуна таасир тийгизерин белгиледи.

"Төрөлө элек балада тубаса кемтикти болтурбоо үчүн биз болочоктогу ата-энелерге сапаттуу тамактанып, балалуу болуудан мурун фоли кычкылын ичүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле, боюна бүткөндөн кийин аял киши жашаган жеринен дарыгерге көрүнүп туруусу зарыл", - деди ал.

Ал эми, ЮНИСЕФтин билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн жетекчиси Геррит Маритц кошумчалагандай, дүйнө жүзүндө 400 миңден ашык бала тубаса кемтиги менен төрөлөт.

"Статистика боюнча, алардын жарымы 5 жашка чыкпай көз жумат. Ошондой эле, калктын кирешеси төмөн өлкөлөрдө тубаса кемтиги бар балдар көбүрөөк төрөлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий