• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда туристтик маршруттарда эс алуу жайлары курулат

Өкмөт 0

Бишкек 21.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туристтик маршруттарда эс алуу жайларын (rest point) куруу үчүн жер бөлүп берүүнү тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин жыйынындагы презентацияда белгиленгендей, эс алуу пункту туристтер жана саякатчылар үчүн эс алуу, маалымат алуу жана гаджеттерин кубаттоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Бул жерде сиз террасадан кофе ичип же душка түшсөңүз болот. Ар бир rest point туристтерге керектүү бардык маалыматты, маршруттар жана кооз аймактар, эс алуу зоналары жана жакын жердеги кызыктуу жерлерди камтыган туристтик интерактивдүү дисплей болот.

Бардык эс алуучу жайларда душ жана ажаткана, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн да шарттар каралган. Атайын жабдылган намазкана, чакан кофекана, күркө жана кубаттоо пункттары бар. Rest point жыл бою иштей алат. Аларды жылытуу жана ысык суу үчүн күн коллекторлору орнотулат, канализациясы жок жерлерде автономдуу тазалоочу курулуштар курулат.

Акылбек Жапаров биринчи этапта 22 эс алуу жайын курууга жер бөлүп берүүнү тапшырды. Ал бул маселе акыркы 30 жылдан бери чечилбей келгендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий