• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда туристтик милиция пайда болот

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда туристтик милиция пайда болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтуусунда, аталган долбоор жакында эле старт алган. Мындай бөлүмдү түзүүнүн максаты – туристтик мезгилде милициянын ишинин натыйжалуугун жогорулатуу.

“Бул бөлүм штаттык кызматкерлерден түзүлөт. Бул кандайдыр бир жаңы нерсе эмес – башка өлкөлөрдө мындай тажрыйба көптөн бери колдонулуп келет. Маалым болгондой, жыл сайын турсезондун учурунда биз Ысык-Көл ОИБне кошумча кызматкерлерди бөлөбүз. Ал эми бул бөлүм ар дайым өз багытында иш алып барат”, - деди Сеитов.

Пикир

Оставить комментарий