• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда туристтик паспорт киргизилет – ал эмнеси менен пайдалуу?

Коом 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Кыргызстанда туристтик паспорт киргизилет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Ал билдиргендей, ар бир чет элдик Кыргызстанга келип жатып, өткөрмө пунктунан туристтик паспортту ала алат.

"Паспорттун QR-коду болот. Тиркеме аркылуу кодду сканирлеп, веб-порталга кирүүгө болот. Ал порталда өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү, башкача айтканда маршруттары, кооз жерлери, бара турга жерге жетүү жолдору, кайсы мейманканада калуу тууралуу маалымат болот", - деди ал.

Туристтин паспортун өлкөгө кирип жатканда өткөрмө пункттан алууга болот. Алгач, ал "Манас" аэропортунан сынактан өтөт. Туристтик паспортту чек арачылар беришет.

Пикир

Оставить комментарий