• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда туристтик полиция департаментин түзүүнү сунушташууда

Коом 0

Бишкек, 29.03.18. /Кабар/. Кыргызстанда туристтик полиция департаментин түзүүнү сунушташууда. Мындай оюн ЖК жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, бул туристтик аймактарда коноктордун коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк түзөт. Ошондой эле анын ою боюнча Экономика министрлиги эл аралык “Ведение бизнеса” рейтингинде Кыргызстандын көрсөткүчүн жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды жүргүзүүсү керек.

КР милициясы жыл сайын жайкы туристтик мезгили башталаар алдында туристтердин коопсуздугун сактай тургандыгын билдиришет. Бирок чет элдик туристтер кандайдыр бир кылмыштын курмандыктары болуп калышат.

Кыргызстанга акыркы жылдары жыл сайын КМШ өлкөлөрүнөн жана башка алыскы чет жактан бир нече миллиондогон турист келет. Туризм департаментинин маалыматы боюнча, коноктордун көпчүлүгү жай мезгилинде Ысык-Көлгө барышат. Калган бөлүгү тоо лыжа базаларына барып, альпинизм, жөө жүрүш, велосипед жана ат туризми менен алектенишет.

Пикир

Оставить комментарий