• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда туризмдин өнүгүшү жакырлык жана жумушсуздук маселелерин чечүүнү шарттайт - эксперт

Экономика 0

Бишкек, 7-август /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстанда туризмдин өнүгүшү калк арасында жакырлык жана жумушсуздук маселелерин чечүүнү шарттайт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргызстандын курорттор Ассоциациясынын өкүлү Ильяз Пакиров билдирди.

“2016-жылы Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм тарабынан Кыргызстан жакынкы 10 жылда туристтик өнүгүү күтүлгөн туризм багытындагы эң келечектүү өлкө катары аныкталган. Ошондо эле мамлекет тарабынан бул тармакты өнүктүрүү программасы кабыл алынган. Ошондон тарта туризм аймактардын өнүгүү маселелерин чечкен, жакырчылык жана калктын жумушсуздугу көйгөйлөрүнө таасирлүү тармак катары өзүн көрсөттү”, - деп түшүңдүрдү ал.

Ал ошондой эле, Кыргызстандын 94% тоолуу аймактар экенин жана жыл бою туризмди өнүктүрүү калкты иш менен камсыздай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий