• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда туруктуу калктын саны 6 млн 637 миңди түздү

Коом 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын башындагы эсептөөлөр боюнча, Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 млн 637 миң адамды түздү, - деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Ведомствонун маалыматы боюнча, туруктуу калктын үчтөн бири – 34% шаар жерлеринде, ал эми үчтөн экиси – 66%ы айыл жерлеринде жашашат.

Жалпы калктын үчтөн биринен көбүн (35%) балдар жана өспүрүмдөр түзсө, 57%ы эмгекке жарамдуу адамдар жана 8%ы эмгекке жарактуу курактан жогоркулар.

Өлкөдө жалпысынынан 100 ашык улуттун өкүлдөрү жашайт, анын ичинен эң көбү (2021-жылдын башындагы маалымат боюнча) кыргыздар – 4 млн 836 миң адам (жалпы калктын 73,8%ын түзөт), өзбектер – 985 миң адам (14,9), жана орустар – 341 миң адам (жалпы калктын 5,2%ы).

Пикир

Оставить комментарий