• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда туулган Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаты болду

Коом 0

Бишкек, 02.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда туулган Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова билдирди.

Анын маалыматына ылайык, кечээ, 1-июнда Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу болуп өттү.

“Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты патриот мекендештерибиздин бири”, - деп жазган элчи.

Пикир

Оставить комментарий