• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда угуусу начар балдар үчүн кыргыз тилинде тиркеме иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи жолу угуусу начар балдар үчүн кыргыз тилиндеги «ДИЛГИР» уюлдук тиркемеси иштелип чыкты. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) КРдагы өкүлчүлүгү билдирди.

Ошондой эле, бул тиркеме орус тилинде дагы жеткиликтүү. Тиркеме БУУӨП колдоосу менен «Technoland» Коомдук фонду тарабынан иштелип чыкты. Ал 2021-жылдын март айынын аягында колдонуу үчүн жеткиликтүү болмокчу.

«ДИЛГИР» тиркемеси начар уккан балдарга кыргыз жана орус тилдеринде кызыгуу менен окууга мүмкүнчүлүк берет, бул баарынан дагы үй-бүлө жана айланасындагылар менен мамиле түзүүдөгү коммуникациялык тоскоолдуктарды жоюуга жана коомго оңой интеграцияланууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, бул инструмент санариптештирүү кылымында ансыз дагы окуу жана мамиле түзүүдө белгилүү бир кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткан угуусу начар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу үчүн чоң потенциалга ээ. Майыптуулугу бар балдар коомдон бөлүнүп калбоого тийиш жана бул тиркеме аларга коммуникациялык тоскоолдуктарды тезирээк жеңүүгө, ошондой эле окуу процессин бир нече эсе тездетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Бул тиркеме жеткиликтүү жана ыңгайлуу, аны плеймаркеттен жүктөп алууга болот. Анын башкы артыкчылыгы ал оффлайн иштейт, башкача айтканда аны колдонуу үчүн дайыма интернеттин болушу зарыл эмес. Анын үстүнө гаджеттер менен убакыт өткөрүүгө көнүп калган заманбап балдар үчүн окутуунун мындай инструменти билим берүү процессинде кызыктуу жана ыңгайлуу болмокчу.

Буга чейин Кыргызстанда угуусу начар балдарды кыргыз тилинде окутуу үчүн ыңгайлаштырылган билим берүү программасы болбогондугун белгилей кетүү керек. Балдар орус тилинде окушат, ошондой эле адамдар ортосундагы пикир алышуу үчүн орус иш ара тили колдонулат. Бул Кыргызстанда атайы билим берүү уюмдары орус тилинде басылып чыккан совет мезгилиндеги окуу китептери менен окуй тургандыгы менен шартталган. Мында билим берүү уюмдарындагы майыптуулугу бар балдардын көпчүлүгү кыргыз тилдүүлөр, кыргыз тилинде жөнөкөй сөздөрдү дагы билбегендик алардын коомдогу коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрүн дагы көбүрөөк оорлотот, өз үй-бүлөсүнөн жана айланасындагы адамдардан алыстатат.

Көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагасынын орун басары, угуусу боюнча майып Канатбек Жапаровдун айтымында, сенсордук бузулуу менен биргеликте мындай чектелүүлөр угуусу начарлардын үй-бүлөдөн жана коомдон обочолонуусуна алып келет. Ал эми окуу материалдарын кыргыз тилинде иштелип чыккандыгы ал белгилеп кеткендей, эрте баскычта эле балдардын үй-бүлө жана коом менен болгон тосмосун жок кылууга мүмкүнчүлүк берет.

«Кыргыз тилине жалпы өтүү тенденциясын эске алганда, кыргыз тилинде сан ариптик матералдарды иштеп чыгуу угуусу бузулган балдарга коомго андан ары интеграцияланышына мүмкүнчүлүк түзөт. Жеткиликтүү уюлдук тиркеме түрүндө мындай иштеп чыгууларды берүү материалды өздөштүрүүдө жакшы динамикага ээ болууга түрткү берет»,-дейт К.Жапаров.

Бул тиркеменин прототиби «Звездочка» китеби болуп саналат – бул 1978-жылы басылып чыккан, угуусу боюнча майыптар үчүн мектептердин 1-классына арналган сүйлөөнү өнүктүрүү боюнча сүрөттүү китеп, бул китеп боюнча ушул кезде дагы Бишкек жана Кара-Суудагы адистештирилген мектептердеги балдар окушат.

Уюлдук тиркеме өзүнө ушул темалар боюнча дактиль менен коштолгон флеш-карталарды, ошондой эле өтүлгөн материалды бышыктоо үчүн интерактивдүү оюндарды камтыйт. Угуусу начар балдардын калган угуусун текшерүү жана өнүктүрүү үчүн сөздөрдү үн менен коштоо каралган.

Бул демилге БУУӨП жана ЮНИСЕФ тарабынан 2020-жылы ишке ашырылган Inno KG долбоорунун уландысы болуп саналат. Белгилей кетсек, аталган долбоордун алкагында, буга чейин мектепке чейинки билим берүү программасынын негизинде үч мобилдик тиркеме иштелип чыккан болчу.

Пикир

Оставить комментарий