• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда угуусу начар балдар “Дилгирим” тиркемесинин жардамы менен кандай окуп жатат? Сурамжылоо

Коом 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда угуусу жабыркаган балдар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде Дилгирим тиркемеси иштелип чыккан. Бул санариптик аспап коммуникациялык тоскоолдуктарды жеңүүдө кандай роль ойноп жаткандыгы жана ал колдонууда канчалык ыңгайлуу жана кызыктуу экендиги тууралуу өзгөчө балдардын ата-энелери ой бөлүшөт.

З.Т., Талас облусу, Айдайдын (7 жашта, аты өзгөртүлдү) апасы:

- Айдайдын 4-даражадагы тубаса укпай калуу диагнозу бар болчу, кийинчерээк бизге – дүлөйлүк диагнозун коюшту. Кызымдын айынан мен эки уулумду күйөөм менен калтырып, Таластан Бишкекке эки кызым менен көчүп баруума туура келди. Азыр Айдай ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн №22 мектепте окуйт. Биз “Дилгирим” тиркемеси менен ошол жерден тааныштык. Кызымды жакшы түшүнүү үчүн биз ушул тиркеме боюнча экөөбүз тең окуйбуз. Буга чейин ал орус тилинде гана окучу. Эми ушул тиркеменин жардамы менен кыргыз тилинде дагы окууга мүмкүнчүлүк бар, бул үчүн мен тиркемени иштеп чыккандарга абдан чоң ыраазычылык билдирем. Бул биз үчүн маанилүү, анткени биздин үй-бүлөдө бардыгы эне тилинде сүйлөшөт жана кызым менен пикир алышууда тосмо турчу. Эми болсо бизге бири-бирибизди түшүнүү оңой болот!

Наргиза Топонова, Люксембург айылы, Айдиндин (7 жашта) апасы:

- Айдинге 3 жашында оң тараптагы 3-4-даражадагы сенсоневралдык укпай калуу жана сол тараптагы дүлөйлүк диагнозун коюшкан. Мен ошол учурда нес абалына түштүм. Биз атайы бала бакчага барганга чейин жана ал жерден менин Айдиним сыяктуу балдарды көргөнгө чейин көпкө өзүмө келе албай жүрдүм. Менин балам жалгыз эмес экендигин жана баламда баары жакшы боло тургандыгын түшүндүм. Азыр балам Бишкек шаарындагы угуусу чектелген балдар үчүн атайы жалпы билим берүүчү жатак-мектепке барат. Бизге “Дилгирим” тиркемеси тууралуу ошол жерден айтышты, аны ошол замат көчүрүп алдык. Ал аябай ыңгайлуу экен, анткени аны менен бардык жерде окууга болот, интернеттин дагы кереги жок. Анын жакшы жактары көп: тиркемеде бизге күнүмдүк жашоодо кездешкен темаларды талдоо жүрөт, мисалы, оюнчуктар, жаныбарлар, мектеп ж.б. Ар бир тема боюнча тапшырмалар оюн формасында берилген, бул балага абдан жагат. Дагы бир жакшы жагы ал эки тилде иштелип чыккандыгы. Өзгөчө бул тиркеме менин балам сыяктуу дактилдерди жаңы эле үйрөнө баштаган балдар үчүн актуалдуу. Бул электрондук инструмент эс-тутумду машыктырууга жакшы жардам берет. Мындан ары сөздүк запасын толуктоо жана сөз өстүрүү үчүн башка темалары менен ушул сыяктуу тиркемелердин пайда болушун каалайт элек. Анткени бул тиркеменин эффективдүүлүгүн биз өзүбүз аркылуу сездик.

Чынара Жоробаева, Ош облусу, Сайкалдын (13 жашта) апасы:

- Менин кызым Сайкал 13 жашта. Ал жаңы төрөлгөндө дайыма уктай берчү, мен баламдын уйкусу жакшы го деп ойлочумун. Бирок биз дарыгерге кайрылганда кереңдик диагнозун коюшту. Бул диагноз мен үчүн өкүм сыяктуу болду, көпкө чейин өзүмө келе алган жокмун. Биз эмнелерди гана жасаган жокпуз, ал гана эмес Казакстанга дарыгерлерге бардык, бирок тыянак чыккан жок. Бизди неврология бөлүмүнө жаткырганда мен ал жерден ооруп жаткан балдарды көргөнүм эсимде. Ушундан соң бул анчалык деле коркунучтуу оору эместигин түшүнүп, муну кабыл алдым. Жакындарыбыз дагы колдошту. Менин Сайкалым – боорукер жана сезимтал кыз, анын достору бар, алар менен абдан ынак. Азыр ал Кара-Суу шаарындагы угуусу чектелген балдар үчүн атайы жатак-мектепке барат. Ошол жердеги мугалимден биз “Дилгирим” тиркемеси тууралуу уктук. Аны көчүрүп алдык, азыр кызым менен биргеликте окуп жатабыз. Сайкалга тиркеме жагат, өзгөчө ал оюн түрүндөгү тапшырмаларды белгилейт жана аны кызыктуу деп эсептейт. Телефон – бул өспүрүмдөр колунан түшүрбөгөн буюм. Ошентип ал бош убактысында ушул тиркеме боюнча окуп калды. Ал гана эмес дем алыш күндөрү үйгө келгенде, мектептен тышкары дагы "Дилгиримдин" жардамы менен өтүлгөн материалды кайталоого жана бышыктоого мүмкүнчүлүгү бар. Мен биздин балдарыбыз тууралуу ойлонгондорго жана окуу материалын санариптик форматта түзгөндөргө абдан ыраазымын.

Мадина Матаева, Жалал-Абад облусу, Исламбектин (9 жашта) жана Алинурдун (6 жашта) апасы:

- Менин төрт балам бар. Алардын ичинен экөөсүнүн угуусунда көйгөйлөрү бар. 9 жаштагы Исламбектики 4-даражадагы укпай калуу, 6 жаштагы Алинурдуку – 2-даражадагы укпай калуу. Исламбек төрөлгөндө мен анын шылдырактарга таасирленбегендигин байкай баштадым. Биз аны дарыгерге алып бардык, ал жерден ушул диагнозду коюшту. Мен үчүн ошондо дүйнө аңтарылып кеткендей болду, өтө терең стресске түштүм. Биз баланы 5 жашында Кара-Суудагы угуусу чектелген балдар үчүн жатак-мектепке нөл класска бергенге чейин өтө оор эмоционалдык абалда жүрдүм. Ал жерден менин уулум эле ушундай эместигин көрдүм. Ал өзүнүн курбалдаштары менен мамиле түзүп, күлүп жана ойной баштады. Ошондо анын жүзүндөгү жылмаюну көрүп, мен бардыгы жакшы боло тургандыгын түшүндүм, менин жүрөгүм тынчтанды. Алинурдун угуусунда көйгөйлөр аныкталганда моралдык жактан даяр болгом жана муну кабыл алдым. Азыр эки уулум тең Кара-Суудагы атайы мектепке барышат, ал жерде эң сонун мугалимдер бар. Биздин мугалимибиз “Дилгирим” тиркемеси тууралуу айтып берди, аны мактап жана анын бардык жетишкендиктерин сүрөттөдү. Ал бизге ата-энелерге дагы ал аркылуу балдар менен биргеликте окуп үйрөнүүнү сунуштады. Балдарга бул тиркеме абдан жагат, алар экөө чогуу отурушат жана окушат. Мен биздики сыяктуу көйгөйлөрү бар балдарга, ушундай электрондук инструменттер абдан керек деп ойлоймун, анткени ал окутууга чоң жардам берет, аны жөнөкөйлөтөт жана аны кызыктуураак кылат. Мугалимдерге жана иштеп чыгуучуларга жаңы мүмкүнчүлүктөр үчүн рахмат.

Маалымат үчүн:

Кыргызстанда эки тилдүү «Дилгирим» тиркемеси иштелип чыккан, аны Google Play жа App Store кызматынан көчүрүп алууга болот. Ал 1-класс үчүн сөз өстүрүү боюнча сүрөттүү китепчеден турат. Тиркеме Кыргызстандагы БУУӨПтүн колдоосу астында «Technoland» Коомдук фонду тарабынан иштелип чыккан жана “Inno4KG ачык инновацияларына чакырык” программасы боюнча ишке ашырылган “Угуусу жабыркаган балдарды санариптик окутуу системаларына тартуу” долбоорунун уландысы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий