• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда Улуттук адабият күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 13.12.19./Кабар/. Кечээ А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында “Улуттук адабият күнүнө” жана Улуттук жазуучулар союзунун түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарада КР президентинин жана КР ЖК төрагасынын куттуктоолору окулуп, бир катар эмгеги менен элге таанылган кызматкерлер сыйлыктарга ээ болушту.

Адабият күнү республикабыздын жер-жерлеринде жана министрлик менен ведомстволордо, жогорку окуу жайларында жогорку деңгээлде белгиленип келүүдө. Бул күнү чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесин эскерүү үчүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине жана жазуучунун Бишкек шаарындагы айкелине гүл чамбар коюшат.

Ал эми, Маданият министрлиги 5-12-декабрга чейин «Китепкөй Кыргызстан» аталышындагы жумалык жарыялап, бир катар ири иш- чараларды уюштурду.

Белгилей кетсек, бул күн кыргыз элинин эки залкары – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү, улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күн. 2011-жылы Кыргызстандын акын, жазуучуларынын демилгеси жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен 12-декабрь – Адабият күнү деп белгиленген.

Ал эми, 1927-жылы Кыргыз борбордук педтехникумунда уюшулган чыгармачыл жаштардын «Кызыл учкун» адабий ийриминин негизинде 1930-жылы Пролетарлар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы катары түзүлүп, 1933-жылы Кыргызстан Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу деген аталыш менен кайра уюштурулгандыгы менен тарыхта калды.

Пикир

Оставить комментарий