• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт

Жеңишке 75 0

Бишкек. 03.03.20. /Кабар/. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында Улуу Ата Мекендик согуштун 251 ардагери жашайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында КР эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.

Алыбаева билдиргендей, учурда ведомство тарабынан Жеңишти майрамдоого карата даярдыктар жүрүүдө.

"Ардагерлерге, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, Ленинград блокадачыларына, оруктун эмгекчилерине, согуштагы ардагерлердин жесирлерин бир жолку төлөнүүчү акчалай жөлөкпул берүү пландалууда", - деп билдирди министрдин орун басары.

2010-жылдын 1-январынан тартып, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине президенттин өмүр бою берилчү стипендиясы төлөнөт. Стипендиянын көлөмү айына 10 000 (он миң) сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий