• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда Улуу Британиянын королевасы “Жылдын адамы” катары таанылды

Коом 0


Бишкек, 09.01.18. /Кабар/. “Ала-Тоо Айымдары” аялдар кыймылы Улуу Британиянын королевасы Елизавета II “Жылдын адамы - 2017” наамын ыйгарышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Ала-Тоо Айымдары” коомдук экологиялык кыймылынын төрайымы Жыпаргүл Баргибаева билдирди.

Анын айтымында, кы ймылдын 7 облустагы ардактуу мүчөлөрүнүн сунушу менен жыл сайын “Жылдын адамы” номинациясындагы татыктуу инсандар аныкталат. Адеп, ыйман жана маданият жылынын алкагында “Аялдар дүйнөнү сактап калат” чакырыгы менен өткөн жылдын 23-декабрында өткөрүлгөн аземде “Жылдын адамы” катары Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун королева Елизавета II таанылды.

“Жыл сайын биз ар кандай иш-чараларды өткөрүп келебиз. 2014-жылдан тарта тынчтыкты сактоого салым кошкон адамдарды аныктап келе жатабыз. Түшүнүп турабыз, “Жылдын адамы” катары Кыргызстандан бир инсанды тандасак болмок. Бирок, башка өлкөлөр менен достош экенибизди көрсөтүүнү чечтик. Королева 91 жашта, бирок улгайган курагына карабастан, азыркыга чейин өз салымын кошуп келет. Статуэтка королевага элчилик аркылуу берилет”, - деди Баргибаева.

Ал 2014-жылы “Жылдын адамы” Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев, 2015-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Асылбек Жээнбеков болгонун кошумчалады. Белгилей кетсек, бул номинацияга 2016-жылы Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин татыктуу болгон.

“Ала-Тоо Айымдары” коомдук бириккен экологиялык кыймыл 2010-жылы негизделген. Кыймыл “Аялдар дүйнөнү сактап калат” девизинин алдында дүйнө элдерин тынчтык, достук жана ынтымакка чакырат.

Башка мамлекеттер менен достук мамилелерди чыңдоонун алкагында “Россиянын аялдар Союзу” менен ийгиликтер жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий