• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда унаа жолдорун паспорттоштуруу киргизилүүдө - министрлик

Коом 0

Бишкек, 22.05.18. / Кабар/. Кыргызстанда автоунаа жолдорун паспорттоштуруу киргизилүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдады.

Анын айтымында, өткөн жылы көчмө лаборатория алынган, экинчиси топтолуп жакында Кыргызстанга келет.

“Жолдорду паспорттоштуруу башталды жана маалыматтар маалымат берүүчү программага киргизилет. Паспорттоштуруудан өлкөнүн бардык жолдору өтөт: эл аралык, республикалык жана жергиликтүү. Мунун артыкчылыктары көп. Мисалга, биз айрым жерлерде ремонт иштеринин муктаждыгын көрбөйбүз же мезгил ичинде жетишпей калабыз. Бизге аймакка баруунун кажети жок болот. Программа учурда кайсы жерде оңдоп-түзөө, жаңылоо же капиталдык ремонт иштери керек экендигин билдирип турат. Программа жолдорду эле эмес, жалпы комплексти камтыйт. Башкача айтканда белгилер, белги берүүчү мамылар, көпүрөлөр, аялдамалар ж.б. Кыргызстанда бул программа алгачкы жолу колдонулат, ошол эле убакта башка өлкөлөрдө эбак эле колдонулууда”, - деп айтты ал.

Министрликтин башчысы билдиргендей, ар бир лаборатория 260 миң доллар турат. Алар Россиядан сатылып алынат.

Пикир

Оставить комментарий