• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берилбейт

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда акы төлөтүп унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берилбейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, мындан мурда ал маселе боюнча мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга чыгарылган.

“Коопсуздук жагынан алганда айнектерди караңгылатууну киргизүү туура эмес болот деген чечимге келдик. Ал “Коопсуздук шаар” долбоорунун толук кандуу иштешине таасирин тийгизет. Жакын арада “Коопсуз шаар” системасы кур тагынуу, унааны башкарып бара жатып телефон менен сүйлөшүү сыяктуу жол эреже бузууларын каттай баштайт деп пландалууда. Айнтекти караңгылатуудан улам камералар ал жол эреже бузууларын көрбөй калат”, - деди ал.

Аны менен бирге ал айнекти караңгылатууга уруксат берилбегендин дагы бир себеби эл аралык стандарттардын талаптары экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий