• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда ундун чекене баасы бир жыл ичинде 12%га жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 27.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда ундун чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 12 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Билдируүдө айтылгандай, 25-мартка карата жогорку сорттогу буудай ундун баасы республика боюнча орточо эсеп менен 48,45 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 13,2 пайызга өскөн. Ал эми биринчи сорттогу буудай ундун баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 38,97 сомду түздү же 10,8 пайызга өстү.

Ошол эле учурда жогорку сорттогу ундун максималдуу чекене баалары Ош (бир кг үчүн 61,11 сом), Ноокат (бир кг үчүн 56,82 сом), Балыкчы (бир кг үчүн 55,54 сом), ал эми минималдуу баалар Кербен (бир кг үчүн 40,10 сом), Өзгөн (бир кг үчүн 42,99 сом) шаарларында жана Чаек айылында (бир кг үчүн 43,00 сом) катталды. Ноокат (бир кг үчүн 46,61 сом), Балыкчы (бир кг үчүн 45,00 сом) жана Токтогул (бир кг үчүн 45,00 сом) шаарларында биринчи сорттогу ундун болгон чекене баалары орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты.

Минималдуу баалар Өзгөн (бир кг үчүн 34,73 сом), Нарын (бир кг үчүн 35,91 сом) шаарларында жана Чаек айылында (бир кг үчүн 36,00 сом) байкалды. Жогорку сорттогу ундун эң жогору өсүшү өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу Покровка айылында - 1,4 эсеге, Чаек айылында - 1,2 эсеге, Жалал-Абад шаарында - 16,4 пайызга, Токтогул шаарында - 8,9 пайызга, ал эми биринчи сорттогу унга Чаек айылында - 24,1 пайызга, Балыкчы шаарында - 18,4 пайызга жана Исфана шаарында - 15,2 пайызга өскөнү катталды.

Пикир

Оставить комментарий