• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстанда уран казылышына өкмөт да каршы – Боронов

Өкмөт 0

Бишкек, 07.05.19. /Кабар/. Кыргыз өкмөтү өлкөдө уранды чалгындоого жана казууга толугу менен тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун колдойт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов “Кыргыз Республикасында геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө байланыштуу иштерге тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө берилген баардык лицензиялар боюнча инвентаризация жүргүзүү аяктады.

“Азыркы өкмөт тарабынан уранды казууга бир да лицензия берилген эмес. Тескерисинче биз лицензия берүүгө мораторий жарыялап, буга чейин берилгендери боюнча инвентаризация жүргүзүүнү баштаганбыз. Учурда ал процесс аяктап, анализ жүрүүдө. “ЮрАзия Кыргызстан” компаниясы боюнча айтсак, алар лицензияны 2010-жылы эле алып, бирок анын мөөнөтүн узартып, баардык салыктарды төлөп келишкен. Келечекте мындай окуялар кайталанбашы үчүн биз буга чейин берилген лицензияларды кайтаруу нормасын киргизүүнү пландаштыруудабыз”, - дейт Боронов.

Эске сала кетсек, буга чейин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда уран казылбай тургандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий