• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда вакцина алууга онлайн катталуу үчүн сервер иштелип чыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алууга онлайн катталуу үчүн сервер иштелип чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Асыкбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жарандарды эмдөөгө каттоонун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү максатында онлайн кызмат иштелип чыккан. "Ал жакта ар бир адам өзүнө ылайыктуу эмдөө пунктун жана убактысын тандай алат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий