• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда вакциналарды сактоо үчүн 2,1 миңден ашык муздаткыч бар

COVID - 19 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда муздаткыч чынжырын камсыздоо үчүн 2 миң 122ден ашык атайын муздаткыч жабдуулары бар. Бул тууралуу брифинг учурунда Республикалык иммунопрофилактика борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев билдирди.

Анын айтымында, 2019-2020-жылдары муздаткыч чынжырынын жабдууларын оптималдаштырууга эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен 973 (+2, +8) атайын муздаткыч жабдуулары алынган. Алардын ичинен, муздаткыч камсыздоо үчүн:

+2°С+8°С – 79% (1676);

-15°С до -25°С – 21% (434).

“Муздаткыч чынжырынын жабдуулары Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына жооп берет жана Дүйнөлүк шайкештик сертификаттарына ээ. Медициналык кызматкерлер муздаткыч чынжыры боюнча окуу жана тренингтен жыл сайын өтүүдө. Ошондой эле мобилдик бригадалардын жана медициналык мекемелерден тышкаркы жайгашкан убактылуу эмдөө пунктары термоконтейнерлер жана термосумкалар менен толук камсыздалган”, - деди Азим Кыргызбаев.

Муздаткыч чынжыр - вакциналарды сактоонун жана ташуунун бардык баскычтарында аларды өндүрүүчү ишканадан эмдөө пунктарнына чейин жеткирүүнүн оптималдуу температуралык режимин камсыз кылуучу механизм болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий