• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда вакцинанын бустердик дозасын бир күндө 2 миң 130 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын бустердик дозасын (үчүнчү дозасын) бир күндө 2 миң 130 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен Бишкек шаарында – 224, Ош шаарында – 235, Чүй облусунда – 174, Ош облусунда – 546, Талас облусунда –149, Нарын облусунда – 148, Ысык-Көл облусунда – 74, Жалал-Абад облусунда – 344, Баткен облусунда – 149 адам эмделди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 3-февралга карата коронавирус 243 адамдан аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий