• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда вакцинанын канча дозасы жана кайсы түрү бар? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова “Кабар” агенттигине Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын канча дозасы жана кайсы түрү бар экендигин айтып берди.

Анын айтымында, россиялык “Спутник V” вакцинасынын 80 миң дозасы бар.

“Күн мурун вакцинанын биринчи компонентин 3 миң адам алды. 22 күндөн кийин вакцинанын экинчи дозасы сайылат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда эпидкырдаал курчуй баштады. Алсак, акыркы 7 күндө коронавируска кабылгандардын саны өсүүдө. Акыркы бир суткада 931 адам илдетке кабылып, 8 адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий