• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда валюта базарындагы абал туруктуу – Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 01.10.19. /кабар/. Кыргызстанда валюта базарындагы абал туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө Улуттук банктын резервинде 2,3 млрд АКШ доллары бар, бул деген 5 айга импортту жаба алган суммага барабар.

"Бул жакшы көрсөткүч, биз өзүбүздү жакшы сезип жатабыз", - деп билдирген Улуттук банктын төрагасы.

Пикир

Оставить комментарий