• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн

Маданият 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дорогини кабыл алды.

Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча пикир алмашып, биргеликте жасала турган долбоорлорду мындан ары ишке ашырууну макулдашты.

Тактап айтканда, элчи Шандор Дороги Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат менен бөлүшүп, андан соң, венгриялык изилдөөчү Дьерд Алмашиинин кыргыз элинин салттуу жолун изилдөө тарыхы тууралуу китебин, ошондой эле, мажар тилине которулган Чыңгыз Айтматовдун китебин тапшырды.

Элчи ошондой эле Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борборун ачуу планы менен бөлүшүп, кыскача токтолду.

Ал эми министр Алтынбек Максутов Венгрия менен кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз жана венгер элдеринин тарыхый жана маданий байланыштарын чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий