• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ВИЧ илдети менен ооругандардын саны 10% өстү

Ден соолук 0

Бишкек, 26.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда ВИЧ илдети менен ооругандардын жалпы саны 10 пайызга өстү. Бул тууралуу ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы отчетунда айтылат.

Департаменттин билдирүүсүнө караганда, 2017-жылда 367 (6,0) учур катталса, быйыл 417 учур (6,6).

Инфекциясынын жогорку көсөткүчү Чүй облусунда (12,4) жана Ош (9,6) Бишкек шаарларында (13,9) катталган.

Андан тышкары эхонококкоз менен ооругандардын өсүүсү 1,3 % байкалган. Эң көп Ош (42,7) жана Бишкек шаарларында (42,7).

Пикир

Оставить комментарий