• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясы менен жашаган 123 адам коронавирус жуктурган

COVID - 19 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда ВИЧ-инфекциясынын 10 миң 158 учуру аныкталган. ВИЧ-илдети аныкталган 2 миң 337 адам көз жумду. Бул тууралуу бүгүн брифинг учурунда Республикалык "СПИД" борборунун директору Үмүткан Чокморова билдирди.

Анын айтымында, атайын дарыланууну – ВИЧ-илдетинен антиретровирустук терапияны 4 806 бейтап алууда.

“ВИЧ-илдети – бул өнөкөт жугуштуу оору, мында ар кандай инфекцияларга каршы иммундук коргонуу төмөндөп, ВИЧке чалдыккандар ВИЧ инфекциясы жок адамдарга караганда COVID-19ду оор көтөрүшү ыктымал. Коронавирус инфекциясы ВИЧ-инфекциясына чалдыккан бейтаптар үчүн реалдуу коркунуч болуп саналат жана дененин толук жабыркашына, ал тургай өлүмгө алып келиши мүмкүн”, - деди ал.

Чокморова белгилегендей, 2020-2021-жылдар аралыгында ВИЧ-инфекциясы менен жашаган 123 адам коронавирус жуктуруп алды, стационардык жана амбулатордук дарылоодон 116 адам өттү, ВИЧке чалдыккан 7 адам COVID-19дан каза болду. Өз кезегинде 60 адам COVID-19га каршы эмделди.

“Оорунун 4-баскычындагы ВИЧ-илдети бар бейтаптарда иммунитеттин жетишсиздигинен оппортунисттик инфекциялар пайда болот, анын ичинде пневмоцисттик пневмония менен оорушат, мында биринчи белгилери – дем алуу жетишсиздиги өпкөнүн кагынуусунун белгилерине окшошуп кетет”, - деп кошумчалады Республикалык "СПИД" борборунун директору.

Чокморова баса белгилегендей, ВИЧ менен ооруган адамдарга эмдөөдөн өтүү сунушталат, себеби азыркы күндө эмдөө – коронавирус инфекциясын алдын алунун эффективдүү чарасы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий