• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда ВИЧтен 2 миңге жакын адам каза болду, алардын 76сы балдар

Ден соолук 0

Бишкек, 22.05.18. / Кабар/. Кыргызстанда ВИЧ инфекциясынан 1 миң 804 адам каза болгон. Алардын 76сы жаш балдар. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк СПИДден каза болгондорду эскерүү күнүнө карата өткөрүлгөн маалымат жыйында "СПИД" республикалык борборунун директору Улан Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда ушул жылдын 1-апрелине карата ВИЧ илдети менен 8 миң 240 учур катталган. Алардын ичинен КРнын жарандары 7 миң 728 болсо, 1 миң 804ү каза тапкан. Бул илдет менен жашагандардын баалык көрсөткүчү 8 миң 500 адам.

Кадырбеков ВИЧ илдети менен ооругандарга таза адамдарга кылгандай мамиле жасоого чакырды. Коомчулук тарабынан туура эмес мамиле көпчүлүк учурда оорду толгус кесепеттерге алып келиши ыктымал.

“ВИЧ - улуттук көйгөй. Жалпы коомчулук күч жумшоосу зарыл. Өзгөчө бул илдет менен ооругандарга карата болгон мамилебизди түшүнүп, адамдар медициналык мекемелерге коркпостон кайрылуусу керек. Биздин мамиле аларга өз абалын түшүнүүгө тоскоолдук жаратууда”, - деди Кадырбеков.

Ал белгилегендей, мамлекет оорулууларды дары менен камсыздоого болгон күч аракетин жумшап жатат.

“Биз каржылоо көбөйүп жатканын байкоодобуз, эгерде 2016-2017-жылдары дарыга 20 млн. сом бөлүнгөн болсо, бул жылы 43 млн. сом каралды. Бирок бул аз. Эл аралык донорлор тарабынан 2018-2021-жылдарга 10 млн. сом бөлүнгөн. Бирок бул суммалар бардык керектүү чыгымдарды жаба албайт”, - деп кошумчалады СПИД борборунун директору.

Эгерде диагноз учурунда коюлуп, дарылоо башталган болсо, СПИДден каза болгондордун саны бир канча аз болмок.

Бүгүнкү күндө ВИЧ инфекциясынан толугу менен айыктырып чыгуу үчүн дары жок, бирок ретровируска каршы дарылар бар. Алар кандагы инфекциянын көбөйүшүн басаңдатат жана СПИДдин өнүгүүсүн токтотуп турууга мүмкүндүк берип, жашоону узартат.

Пикир

Оставить комментарий