• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда Орозо 23-мартта башталат

Коом 0

Бишкек, 13.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл Орозо айы 23-мартта башталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү токтомду Аалымдар кеңеши кабыл алган. Жогоруда көрсөтүлгөн күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырмалануусу мүмкүн.

Бир жылда отуз күн орозо кармоо, тагыраак айтканда, күн бою наар тартпай жүрүү – Ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Пикир

Оставить комментарий