• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди

COVID - 19 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. СOVID-19 пандемиясынын алкагында ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстан COVID-19 илдетинин үчүнчү толкунун башынан өткөрүп жатат. Бишкек жана Ош шаарлары COVID-19 пандемиясы боюнча "кызыл зонага" киргизилди.

Ошондой эле республиканын дээрлик бардык аймактарында коронавирус менен ооругандардын санынын өсүшү байкалууда.

Жарандык сектор менен даярдыкты жана координацияланган ишти камсыз кылуу, ошондой эле СOVID-19га каршы туруштук берүүнүн ар кандай аспектилерине катышкан ыктыярчыларды окутуу максатында, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги, Соцсервистин техникалык колдоосу менен ыктыярчы болууну каалаган уюмдарды жана адамдарды каттоо үчүн электрондук порталын ишке киргизди, ал www.dobro.med.kg сайтында жеткиликтүү.

Электрондук порталда төмөнкү функциялар ишке ашырылат:

1. Электрондук реестрге киргизүү үчүн ыктыярчыларды жана ыктыярдуу кыймылдарды каттоо;

2. Муктаждыкка жараша ыктыярчылардын электрондук реестри Кызыл Ай коомунун колдоосу жана валидациясы менен курсту өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

3. QR кодун колдонуп ыктыярчыларды аныктоо. Ар бир ыктыярчы жеке QR коду бар ыктыярдуу паспортун ала алат, бул республиканын бардык аймактарындагы процесстерди жана иш-аракеттерди координациялоону тездетет

Пикир

Оставить комментарий