• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ЖКККББ: Кыргызстанда ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулардын саны кескин азайды

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда 8-марттан тартып жол эрежеси боюнча күчүнө кирген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулардын саны 15 пайызга азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуларга карата жоопкерчилик күчөтүлгөн.

Мурда транспорт каражаттарынын айдоочулары унааны 40 км/сааттан жогору, бирок 60 км/сааттан төмөн айдаган учурда 5500 сом айып салынган. Жаңы киргизилген айып пулдарга ылайык, айдоочулар 7500 сом төлөйт. Ал эми айдоочулар 60 км/сааттан ашык ылдамдыкта жүрсө 15 миң сомго (мурун 5500 сом) айыпка жыгылат.

Пикир

Оставить комментарий