• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда Ысык-Ата райондук тергөө абагынан качып кеткен жаран изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.10.2021. /Кабар/. Кыргызстанда тергөө абагынан качып кеткен жаран изделүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2021-жылы 10-октябрда болжол менен саат 07:09дар чамасында тергөө-камакка алынган 1995-жылы туулган Акматов Тилек Турсуналиевич Ысык-Ата райондук ички иштер органынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен. Ал 8-октябрда Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери тарабынан уурдоо фактысы боюнча кармалган.

Учурда тергөө абагынан качкан жаранды кармоо үчүн учурда Чүй облустук милициясынын бардык өздү курамына эскертүү берилип, посттор орнотулуп, ычам кызматкерлер тарабынан ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, чачы кара кыска, жазы маңдай.

Кийими: капюшондуу ак футболка, үстүндө кара куртка, башында кара топу, кара жынсы, ак байпак, бутунда кара бут кийим.

Өзгөчө белгилери: эки ийнинде сегиз бурчтуу жылдыз түрүндө татуировкалар бар, оң колунда тату бар, эринин үстүндө оң жакта меңи бар.

Пикир

Оставить комментарий