• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда өзгөчө абал: Үч шаар жана үч райондун коменданттары кимдер?

Коом 0

Бишкек, 24.03.20. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта "КР Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө», «КР Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө», «КР Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө" жарлыктарга кол койду.

Аталган үч шаарда жана үч райондо 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилүүдө.

Жарлыктарда көрсөтүлгөндөй, өзгөчө абал киргизилген мезгилде КР ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалат.

Ошондой эле Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Нурдинов Малик Апсаматович Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат жана Кара-Суу райондорунун коменданты болуп дайындалат.

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жоробеков Жеңишбек Мамаюнусович Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты болуп дайындалат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42 жетти.

Пикир

Оставить комментарий