• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда өзгөчө абал эмес, өзгөчө кырдаал киргизилүүдө. Бороновдун түшүндүрмөсү видеодо

Коом 0


Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 21-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда өлкөдөгү коронавирус менен байланышкан кырдаал каралган.

Жыйындын соңунда 2020-жылдын 22-мартынан баштап өлкө аймагына 1 айга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө КР премьер-министрине сунуштама берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанда өзгөчө абал эмес өзгөчө кырдаал киргизилип жатканын жана ал экөөнүн кандай айырмасы бар экенин айтып берди.

Эске сала кетсек, үстбүздөгү жылдын 18-мартында Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирус жуктурган алгачкы үч учур катталгандыгын билдирген.

Жугуштуу илдетти жуктургандар Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочулары. Маалым болгондой, алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Эки күн өткөндөн кийин 20-мартта коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталгандыгы маалым болду.

Мындан улам вирустун белгилери табылган элдер жашаган Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

21-мартта коронавирусту дагы алты адам жуктурганы белгилүү болду. Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 12 кишиге жетти.

Сузак районун – 8, Ноокаттын – 3 жана Баткен районунун – 1 жашоосунан коронавирус табылган. Алардын баары Сауд Арабияга умрага барып келгендер. Баткен районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий