• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстанда өзгөчө абал режими. Кимдер ишмердүүлүгүн жүргүзө алат?

Коом 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөтү үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо кандай ишмердүүлүктөргө чектөөлөр болбой тургандыгын айтып берди.

Өзгөчө абал тартиби учурунда төмөндөгүдөй ишмердүүлүктөрдү жүргүзсө болот (өндүрүү, ташуу, сатуу):

- Азык-түлүк продукциясы, табигый бойдон, ошондой эле кайра иштетилген, таӊгакталган ж.б. абалда;

- Дары-дармек каражаттары жана тийиштүү буюм-тайымдар – беткаптар, халаттар ж.б;

- Күйүүчү-майлоочу материалдар жана баллондор;

- Турак жай-комуналдык чарба боюнча бардык кызматтардын түрлөрү;

- Жеке менчик күзөт мекемелери;

- Айрым бажы мекемелери;

- Коммуникация чөйрөлөрү – ТВ, радио, уюлдук тармак, интернет кызматтары, ошондой эле техникалык тейлөө;

- Бардык медициналык мекемелердин, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү;

Бирок микрокредиттик компаниялар жана акча алмаштыруу жайлары, камсыздандыруу компаниялар жана ломбарддар иштөө чектөө киргизилет.

Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 44кө жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1, Москва районунда – 1 жана Бишкек шаарында – 3 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий