• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстанда өзгөчө абал учурунда 381 түгөй баш кошсо, 99 үй-бүлө эки ажырым жолго түшкөн

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын биринчи кварталында катталган никелердин санынын азайышы белгиленген – 10 миң 44.

Мамкаттоодон билдиришкендей, былтыр ушул маалда 12 миң 78 түгөй никеге турган.

Турмуш жолуна аттангандардын көбү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында катталган. Өзгөчө абал учурунда 381 жуп никесин расмий түрдө каттаткан.

Ошондой эле ажырашуулар дагы азайып 2 миң 496ны түздү, 2019-жылдын ушул мезгилинде ажырашкандардын саны 2 миң 668ди түзгөн. Ажырашкандардын көбү Бишкек шаарында жана Ош облусунда катталган. Карантин убагында 99 үй-бүлө эки ажырым жолго түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий