• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстанда "өзгөчө" датада 199 түгөй баш кошту

Коом 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Кыргызстанда 23.03.23 сандарын камтыган "өзгөчө" датада 199 түгөй баш кошту. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Бишкек шаарында жалпы 104 түгөй мамилелерин мыйзамдаштырган. Борбор калаадагы Бакыт үйүндө 62, Ош шаарындагы Бакыт үйүндө 8 салтанат өттү.

Ведомстводон белгилешкендей, акыркы убакта Кыргызстанда баш кошууну каалаган жаштар "өзгөчө" даталарды тандай баштады.

Пикир

Оставить комментарий