• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал. Бишкекте троллейбустар каттап турат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Өлкө аймагында өзгөчө кырдаал киргизилип жатканына байланыштуу Бишкекте коомдук унаалардын ишине чектөө киргизилет – чоң менен кичи автобустар. Ал эми троллейбустар кадимки тартипте иштеп, каттамдары өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Троллейбустар жүрө турган каттамдар:

№4 – «Эт комбинаты – Булгаары заводу»;

№5 – «Аламүдүн базары – Жал кичи району»;

№7 – «Ак-Өргө конушу – Тунгуч кичи району»;

№8 – «Лермонтов көчөсү – Ак-Өргө конушу»;

№9 – «Жер иштетүү институту – Аламүдүн-1 кичи району»;

№10 – «Эт комбинаты – Асанбай кичи району»;

№11 – «Асанбай – Чыгыш автовокзалы»;

№14 – «Жал кичи району – Киркомстром»;

№17 – «Булгаары заводу – Асанбай кичи району».

"Урматтуу шаар тургундары үйдө отурууңуздарды жана шаарга чыкпашыңыздарды сурайбыз. Колду самындап жууп, антисептик менен сүртүп туруңуздар", - деп кайрылат шаар тургандарына мэрия.

Троллейбустардын иши боюнча Бишкек троллейбус башкармалыгына 0559733866 номерине кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий