• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилет. Ким эмнеге жооптуу? (видео)

Коом 0


Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 14 кишиге жетти. Буга байланыштуу аны жайылышын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.. Белгилүү болгондой Кыргызстандын бардык аймагында өзгөчө кырдаал киргизилүүдө.

Бүгүн, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстандын аймагында киргизилип жаткан өзгөчө кырдаал боюнча түшүндүрмө берди.

Ал 22-марттан тарта Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча өкмөттүн буйругу чыкканын билдирди.

"Ага байланыштуу ар бир мамлекеттик органдар өзүнүн милдеттерин аткарууну "Жарандык коргонуу жөнүндө" мыйзамынын негизинде жүргүзүшмөкчү. Буга байланыштуу атайын пландар иштелип чыккан. Мындан кийинки биздин иштөө шартыбыз дагы өзгөчө кырдаалдар режиминин шарттарына байланыштуу болот. Мыйзамда ар бир жарандардын милдеттери жана укуктары так көрсөтүлгөн", - деди ал.

Оруу жуктурган адамдар менен аралашуусун чектөө үчүн элдин бир жерден башка жерге барышы азайтылат.

"Зарыл болбогон учурда үйдө болуп, эч жакка чыкпоого, башка жерлерге кетпөөгө чакырабыз", - деп Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарын аткарууну суранды.

Ал белгилегендей, өзгөчө кырдаал мезгилинде ар бир мамлекеттик органдын өзүнүн иш-аракеттер планы бар.

Маселен, Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга прогноз берип, обсервация жана дарыланууга жооп берет.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дезинфекция жүргүзөт. Ички иштер министрлиги коомдук тартипке жооп берип, көчөлөргө кайгуулга чыгат жана оору жуктургандар менен аралашкандарды табуу иштерин аткарат", - деди ал.

Анын айтымында, азык-түлүк ташып иштегендердин ишине тыюу салынбайт жана аларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

"Жарандык коргонуу жөнүндө" мыйзам менен укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынан мамлекеттик жана расмий тилде таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий